Эмгек министрлигинин айрым жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкекте майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн каражатты ыйгарып алган кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө министрликтин тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, өздөрүнө жана башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктарды көрүү максатында "М.А.Р.К.К.А." коомдук бирикмесинин жетекчиси менен биргелешип, майып аялдарды окутуу жана жумуш орду менен камсыздоого багытталган коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимдерди түзүшкөн. Бирок, тийиштүү иш-чаралар жүгүзүлбөй, мамлекет тарабынан берилген акча каражаттар өз багыты боюнча жумшалбай, жасалма документтерди түзүү менен мыйзамсыз чыгышталып, акча каражаттар жеке кызыкчылыктарга пайдаланып кеткендиги аныкталды.

Натыйжада ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары бузулуп, мамлекетке жалпысынан 1 млн 440 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Октябрь районунун прокуратурасы тарабынан министрликтин жана "М.А.Р.К.К.А." коомдук бирикмесинин жооптуу кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" менен кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий