• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эмгек министрлигинин балдар үчүн ишеним телефонуна былтыр 77,1 миңден ашуун чалуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин “Балдар үчүн ишеним телефону 111” ыкчам кызматына 2023-жылы 77,1 миңден ашуун телефон чалуу түшкөн. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чалуулардын 30%ы балдардан түшсө, калганы ата-энелерден түшкөн.

"Чалгандарга социалдык жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук көрсөтүү, баланы тарбиялоо жана жүрүм-турум, мектеп рэкети ж. б. маселелер боюнча жардам талап кылынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен белгилешкендей, ар бир кайрылуу боюнча консультациялар жана сунуштар берилди, зарыл болгон учурда кайрылуу компетенциясына кирген мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий