Бишкек, 27.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Эмгек министрлигинин бюджети 2020-2024-жылдар аралыгында 86 пайызга өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы бюджет 10 млрд 882,2 млн сом болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 20 млрд 201,2 млн сомго жетти.
“Мындай динамика мамлекеттин элге кам көрүүгө олуттуу көңүл буруп жатканын ачык айкын көрсөтүп турат десем жаңылышпайм. 2020-2024-жылдар аралыгында министрликтин бюджети 86 пайызга же 9 млрд 319 млн сомго жогорулаган. Белгилей кетүүчү жагдай, министрликтин бюджетинин 90%ы социалдык жардамдар түзөт”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий