• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Эмгек министрлигинин кызматкерлери Сузакта кырсыктаган балдарга жардам көрсөтүшүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.05.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери психолог адистер менен бирге Сузак районунун Жерге-Тал айылын кырсыктан жабыркаган өспүрүмдөргө психологиялык жана гуманитардык жардам көрсөтүшүүдө.

Ведомстводон маалымдашкандай, жаракат алган балдардын арасында аз камсыз болгон үй-бүлө катары “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган, ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган 7-класстын окуучусу бар. Ал азыркы учурда Сузак аймактык ооруканасында жатат.

Министр Гүлнара Баатырованын тапшырмасы менен жабыркаган өспүрүмдөргө жана алардын кароочуларына соцкызматкерлер бекитилип, президенттик фонддон бөлүнгөн каражат алууга көмөк көрсөтүшүүдө.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий