• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эмгек министрлигинин майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызматтарды көрсөтөт?

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптарды реабилитациялоо борбору кандай кызмат көрсөтүп жатканын айтып берди.

Бул борбор реабилитациялык кызматтардын төмөнкү комплексин акысыз берет:

  • медициналык реабилитация: физиотерапия, көнүгүү терапиясы (ПФК), парафин терапиясы, массаж, стоматологиялык (дарылоо жана тиш протездөө);
  • медициналык-техникалык: протездөөгө даярдоо жана протездик буюмга адаптациялоо;
  • психологиялык;
  • социалдык-эмгектик: тигүүчү машиналарында тигүүчүлүккө, мончок токууну, сүрөт тартууну, компьютердик сабаттуулукка;
  • социалдык-маданий реабилитациялоо: Борбордун пациенттерин даярдоого активдүү катышуу менен маданий иш-чараларды өткөрүү.

Кызматтарды алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • үй-бүлөлүк медицина борборунун, Жалпы дарыгердик практика борборунун, Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын, Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин, стационардык-социалдык мекеменин багыты;
  • паспорт;
  • МСЭКтин майыптыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
  • флюрографиянын корутундусу, кан жана зааранын толук анализинин натыйжалары;
  • майыпты реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программасы.

Белгиленгендей, реабилитация борборунун бейтаптары палаталарга жайгаштырылат, 3 жолу ысык тамак менен камсыз кылынат, эс алуу зоналарына, телевизорго, стол үстүндөгү оюндарга, китепканага, компьютердик класска кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Борбордо 10-20 күнгө чейин протездик-ортопедиялык буюмдардын татаалдыгына жараша Протездөө менен реабилитациялоодо жана адаптациялоо мезгилинде 15 ден 35 жумушчу күнгө чейин жайгашууга болот.

Ошондой эле алгачкы протездөөдө башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон топтогу майыптыгы бар адамдар коштоочулары менен ооруканага жаткырылат, алар койка-орун жана тамак-аш менен камсыз кылынат

Майыптыгы бар жарандарды алыскы аймактардан чыгарууда жылына бир жолу автотранспорт менен (таксиден башка) бир тараптуу жүрүү үчүн акча төлөнөт. Жыл башынан бери 644 жаран реабилитациядан өткөн.

Байланыш телефону: 0 (312) 211 – 026, 0 (312) 211 029.

Пикир

Оставить комментарий