• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнө 4,7 миң кыргызстандык жардам сурап кайрылган

Коом 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Жарым жылда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө иштеп жана жашап жүргөн 4,7 миң кыргызстандык өз укуктарын коргоодо кеңеш жана жардам сурап кайрылышкан.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, консультациялар жеке кабыл алуу учурунда жана телефон аркылуу берилди.

Ошондой эле кызматкерлер кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча 25 соттук отурумга катышып, 65тен ашык жолу 239 КР жаранынын кызыкчылыгында Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышкан. Ошондой эле Россиянын ар кайсы шаарларындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна 9 жолу барып, 160тан ашуун адам КР жарандары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Эмгек министрлиги мекеменин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгү эмгек миграциясы маселелери боюнча, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө консультацияларды берип, ошондой эле мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүп жатканын эскертет.

Мындан тышкары, өкүлчүлүккө КР жарандарынын сөөгүн мекенине репатриациялоого байланыштуу бир жолку төлөмдөр жана жумуш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөгөндөр боюнча да кайрылса болот.

Пикир

Оставить комментарий