Эмгек министрлигинин жамааты кан тапшыруу акциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери республикалык кан борборуна кан тапшыруу акциясына катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Акция кандын үзгүлтүксүз берилишин, муктаж болгон бейтаптар үчүн кандын жана анын продуктуларынын сапатын, коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Процедуранын алдында бардык катышуучулар медициналык текшерүүдөн өтүштү. Потенциалдуу донорлордун ден соолугунун абалы РКБнун тобунун дарыгерлери тарабынан текшерилген.

Кан жана кан продуктыларын куюу жыл сайын миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калат. Бул өмүргө коркунуч туудурган шарттардан жапа чеккен бейтаптардын өмүрүн узартууга жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет. Татаал медициналык жана хирургиялык процедуралар үчүн кан жана кан продуктуларын куюу зарыл. Ошондой эле эненин жана баланын ден соолугун сактоодо жана кырсыктарга жана табигый кырсыктарга өзгөчө чара көрүү учурунда маанилүү роль ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий