• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек сиңирген энергетик: Тармактын кыйроосунун башкы себеби - пайдасыз тариф саясаты

Коом 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Өлкөнүн энергетика тутумундагы толук кыйроо көптөн бери белгилүү болгон, бирок мурунку бийликтегилер үн катпай, кайсы бир реформалар жөнүндө айтып атышып ушул абалга жеткиришкен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, электр тармактары жаатындагы эксперт Бекбол Маматбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын электр тармагынын кыйрашынын башкы себеби – чыгым менен иштеген тариф саясаты.

“Бизде тариф саясаты дайыма өзүнүн баасынан төмөн болуп келген. Башкы себеп – бул олку-солку тариф саясаты. Ошондой болсо да бийлик эки жакка тең алгылыктуу болгон тариф коюуга аракет кылган эмес. Дайыма элдин каарынан коркуп келишкен. Натыйжада тармактын толук кыйроосуна туш болдук. Тарифтик саясат барын нөлгө жеткирген күндө дагы зыяны азырак болмок. Базар экономикасынын шартында атайын төмөн тариф коюу – тармакты атайылап жок кылуу”, - деди ал.

Мындан тышкары, эксперт эл электр энергияга кайдыгер мамиле жасап, ысырапкорчулуктун белгилүү нормасы бар деген ойдо.

“Бизде элдер эң кымбат унааларда жүрүшөт, күйүүчү-майлоочу майдын ири өлчөмүн керектешет. Өлкөдө жашоо деңгээли өсүп жатат, аны менен катар инфляция дагы жогорулоодо. Бир гана тариф саясаты мурдагыдай эле пайдасыз бойдон калууда. Ачык айтканда, элдер электр энергиясын үнөмдөбөйт, ал эми керектөөнүн көлөмү жылдан жылга өсүп жатат. Биз Камбар-Ата ГЭСин курбасак абал жакшырбайт”, - деди ал.

Маматбеков жаңы бийликтин келиши менен энерготутумдун чыныгы жүзү ачылды деп белгиледи.

“Жаңы бийлик эч нерсени жашырган жок, тескерисинче өлкөдөгү энергетиканын жалпы абалын көргөздү. Бүгүн тармакты реформалоонун реалдуу идеялары жана варианттары айтылууда. Электр энергиясын үнөмдөөгө чакыруу реформалоо чараларынын бири”, - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда энергетика тармагын массалык оптимизациялоо башталганын Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Бүгүнкү күндө энергетика тармагы кризистик абалда турат. Учурдагы кырдаалга таасирин тийгизген негизги факторлор - чоң көлөмдөгү насыялар, тарифтердин жасалма кармалышы жана каражаттын жетишсиздиги.

Жогоруда айтылган факторлордон сырткары эң маанилүү фактор катары, кургак циклдин башталышын жана Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин кооптуу деңгээлге төмөндөп кетүү коркунучун айтсак болот.

Пикир

Оставить комментарий