• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өзгөн районунда 27,1 миң адам ар кандай соцтөлөмдөрдү алышат

Коом 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен мамлекет тарабынан берилүүчү социалдык камсыздоонун сапаты боюнча жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуу министрдин инспекциялык сапарынын алкагында Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан калкка көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү максатында өттү.

Министрдин айтымында, Өзгөн районунда 6909 үй-бүлө электр энергиясын аз камсыз болгон үй-бүлө катары төлөөдө жеңилдиктер менен пайдаланышат.

Жолугушууга социалдык коргоонун ар кандай түрлөрүн алуучулары катышты — аз камсыз болгон жарандар, майыптыгы бар адамдар, кары-картаңдар ж.б. катышышты, аларга мамлекет Эмгек министрлиги тарабынан колдоо көрсөтүп жатат.

Тургундар министрге майыптык алуу үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардан өтүү, жеңилдетилген тариф алуу критерийлери, балдардын укуктарын коргоо ж. б. суроолорду беришти.

Базарбаевдин айтымында, Өзгөн районунда 27,1 миң адам ар кандай социалдык төлөмдөрдү алуучу болуп саналат.

"Райондо жалпы жашаган балдардын санынын - 16,5% балдары, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпул министирлик тарабынан алышат. 2022-жылдын январь айында гана Эмгек министрлиги райондун социалдык муктаждыктарына 42 млн сомдон ашык каражат сарптаган. Ошол эле убакытта бүгүнкү күндө министирлик жакырчылыкты жоюунун жаңы моделин сынап жатат, мында социалдык контракттын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө киреше алып келүүчү бизнес ачууга 100 миң сомдон бөлүнөт. Азыр алар Жумгал жана Кадамжай райондорунда ишке киришти. Модель катары жакшы иштеп кетишсе бул долбоорлор бүткүл өлкөгө жайылтылат, Өзгөн районунун жашоочулары бюджеттен каржылоого арыз бере алышат", - деди министр.

Министр Өзгөн районунун акими Мурат Раматов жана Өзгөн шаарынын мэри Надырбек Каримов менен биргеликте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду тапшырды.

Эл менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында министр Өзгөн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн кызматкерлери менен аныкталган көйгөйлөр боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жарандар менен жолугушуулар Базар-Коргон жана Токтогул шаарларында да өтөт.

Пикир

Оставить комментарий