• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эми балдар электрондук каттоо аркылуу мектепке кирет, долбоор старт алды

Коом 0

Бишкек, 18.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда “мектепке электрондук жазылуу” долбоору старт алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Бул долбоор – мектеп курагына - 6-7 жашка жеткен балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелерине жазылуусун автоматтык түрдө жүрүүсүн камсыздаган маалыматтык система.

"Бул система балдарды биринчи класска кабыл алууда коррупциялык схемаларды азайтат. Ошондой эле ал ата-энелерге балдарын мектепке жазылуусун жеңилдетет. Андан тышкары, ал министрликке биринчи класска орун жетпей калган балдардын эсебин алууга, маалыматтарды автоматтык негизде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ата-энелер үчүн "0800 800 8888" номерлери иштейт. Ал жактан адистерден арызды туура тапшыруу, керектүү документтердин тизмеси жана башка суроолор боюнча маалымат алууга болот. Чалуулар 13-февралдан тарта кабыл алына баштады.

Пикир

Оставить комментарий