• 87
  • 90.41
  • 0.84

Эми Бишкек жана Чүйдө жоопкерчилиги чектелген коомдор онлайн катталат

Экономика 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Бишкек шаары жана Чүй облусунда жоопкерчилиги чектелген коомду (ЖЧК) каттоо толугу менен онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-августтан тартып Бишкек шаары жана Чүй облусунда ЖЧК түрүндөгү юридикалык жактар онлайн каттала баштайт.

Онлайн каттоо Юстиция министрлигинин расмий сайтында жеткиликтүү (https://online.minjust.gov.kg/user). Кагаз түрүндөгү арыздар кабыл алынбайт.

Белгиленгендей, юридикалык жактарды онлайн каттоонун ишке киргизилиши административдик процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана ишкерлерди санариптик экономиканын шарттарында бизнести өнүктүрүүдөгү умтулуусун колдоого багытталган.

Онлайн каттоонун артыкчылыктары:

- каттоо процесси бир топ тезирээк жана ыңгайлуураак болот;
- каттоо органынынын иштөө тартибине карабастан, юридикалык жакты каттоо үчүн кайсы убакта болбосун кайрылууга мүмкүнчүлүк бар;
- каттоо органына баруунун зарылдыгы жоголот;
- бардык документтер санарип форматта сакталат, документтерди жоготуу тобокелдиги азаят.

Суроолор жаралса 0312 62 62 10 (кошумча 135, 189 же 175) номерине, ошондой эле 0700 26 58 24 мобилдик номерине кайрылса болот. Анда адистер арызды кантип туура толтуруу керектиги тууралуу кеп-кеңеш беришет.

Пикир

Оставить комментарий