• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Эми көзү азиз айыпталуучуларга сотто ассистент каралат. Мыйзамга президент кол койду

Президент 0

Бишкек. 06.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” КР мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – көрүүсү начарлаган жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын маалыматка жетүүсүн жеңилдетүү, ошондой эле сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине кылмыш-жаза процессинин көзү азиз катышуучусуна социалдык кызмат көрсөтүү жана иш боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн ассистентти тартуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүүлөр киргизилди.

“Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” КР мыйзамы көрүү мүмкүнчүлүгү боюнча майыптыгы бар шектүүлөр жана айыпталуучулар ассистент тарабынан даярдалган Брайл шрифтинде же чоңойтулган шрифтте терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, ошондой эле аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн түзүлүштөрдү алууга жана пайдаланууга укук берген ченемдер менен толукталды.

Пикир

Оставить комментарий