• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эми кыргыз азыктары Түркиядагы белгилүү соода тармактардын бирине жеткирилип турат

Экономика 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Түркиядагы белгилүү Happy Center соода тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Күн мурун Бишкекте аталган соода тармагынын ээси Явуз Алтун менен кыргызстандык экспортерлордун иштиктүү жолугушуусу өтүп, жыйынтыгында бир катар меморандумдарга кол коюлду. Анын ичинде: ЖЧК: «Алайку Органикс», «Экопродукт Азия», «Салих ЛТД», «Риха», «Аброй Групп», «Уайт Ривер», «Продимпекс», «Адал Азык», «Агромаркетинг» кооперативи, «Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсы , «Атилла Органик Фүүдс» ЖЧКсы, «Био Квасс» ЖЧКсы, «Радуга Форель», «DilNurKG» жана «Аталык Групп» ЖАК.

Тараптардын жолугушуусу экономика министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда өткөн.

Министр билдиргендей, Түркияныннегизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Түркия менен тышкы соодасынын көлөмү $464,0 млн. сомду түздү жана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га өстү. Анын ичинен экспорт 117,7 миллион долларды түздү. долларды түздү жана 17,7%га өстү, ал эми импорт 346,3 млн. жана ошондой эле 3,1%га өстү.


Маалымат иретинде: Happy Center чекене тармагы Түркиянын 1996-жылдан бери чекене соода тармагында иштеп келе жаткан жергиликтүү азык-түлүк дүкөндөрүнүн эң ири тармагы. Жалпы штат – 6000 кызматкер. Happy Center соода тармагынын Түркиянын 5 провинциясында 200гө жакын дүкөнү бар.

Пикир

Оставить комментарий