• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Эми Россиядагы кыргызстандыктар Краснодарда консулдук кызмат ала алышат

Коом 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. 21-августтан тартып Краснодар шаарында "ВиЭф Сервисес" ЖЧКсынын сервистик борбору аркылуу Кыргызтандын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, пилоттук долбоордун алкагында Кыргызстандын жарандары төмөнкү консулдук кызматтарды ала алышат:

- Колдонуу мөөнөтү аяктаган КР жаранынын ID-картасын, жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн, ошондой эле аталган документтер бузулган, же жоголгон учурларда кайра алуу;

- Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу;

- социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди (анын ичинде никелешүү укугу жөнүндө, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган, Кыргызстандын аймагында соттолбогондугу жөнүндө жана башка маалымкаттарды) суратып алдыруу.

Жогоруда көрсөтүлгөн консулдук кызматтарды алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин веб-сайтынын “Консулдук маселелер" бөлүмүнөн таанышууга болот.

Сервистик борбордо документтерди кабыл алуу төмөнкү телефондор аркылуу алдын-ала жазылуу жолу менен, ошондой эле жазуусуз кабыл алынат: +7 (921) 329 00 68 (Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 (Колл-центр). Документтерди сервистик борборго тапшыруу үчүн акы төлөнөт.

Бүгүнкү күнгө карата, төмөндөгү даректерде жайгашкан сервистик борборлор аркылуу аталган консулдук кызматтарды алууга болот:

- Москва ш., Каширское шоссе, №3, 2-корп., 9-стр. дарегинде жайгашкан "Сириус Парк" бизнес-борбору;
- Краснодар ш., Академик Павлов көч, 64.

Ошону менен бирге министрлик КР жарандарынын көңүлүн Россиянын аймагындагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук кызматтарды көрсөтүү кадимки тартипте жана толук көлөмдө ишке ашырыла тургандыгына бурат. Сервистик борборлор чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү үчүн альтернатива катары сунушталат.

Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор министрлер кабинетинин токтомуна ылайык ишке ашырылып жатат жана КР жарандарынын мамлекеттик (консулдук) кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий