Бишкек, 18.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте угуусу боюнча майыптыгы бар адамдардын унаа айдоого укугу боюнча тегерек стол өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин Демократиялык Комиссиясынын каржылык колдоосу менен уюштурулуп, ага “Феномен”коомдук фондунун президенти Искендер Султаналиев, КР министрлер кабинетинин алдындагы майыптар кеңешинин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков, КР Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бакытбек Шералиев, АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Эджей Рао катышты.
Тегерек столдун максаты - угуусу начар адамдардын унаа айдоого болгон укугун талкуулоо.
Ошондой эле тегерек столдун алкагында майыптыгы бар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуу сынагына киргизилген сурдокотормонун бет ачары болду.
Иш-чараны майыптар кеңешинин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков ачып, эми угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышарын белгиледи.
“Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет”,-деди ал.
Белгилей кетсек, бул кадам Унаа мамлекеттик мекемеси менен “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин кызматташуусунун натыйжасында ишке ашты.
Ошондой эле Исаков кошумчалагандай, инновация угуусу начар адамдардын коомдук турмушка аралашуусуна, алардын мобилдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга көмөктөшөт деп күтүлүүдө.
Маалымат үчүн:сурдокотормо - бул майыптыгы бар адамдарга сөздү колдун жана манжалардын кыймылы менен түшүндүрүү ыкмасы.
Пикир
Оставить комментарий