• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Эмине Эрдоган "Билим Бишкек" долбоорунун ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн “Билим Бишкек” долбоорунун ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган катышты.

Салтанаттуу иш-чара лента кесүү менен башталып, чакан концерттик программа менен коштолду.

Аталган билим борборунда 4 жаштан 16 жашка чейинки улан-кыздар дизайн, технология, математика, табигый илимдер, астрономия, авиация жана космонавтика багытында кошумча бекер билим ала алышат.

Бул саамалык Кыргызпатент, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ТИКА, Т-3 фонду биргелешип кабыл алган меморандумдун негизинде ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий