• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Эмки жумада Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу болот - өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Эмки жумада Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилери менен жолугушуу болуп, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр кайсы деӊгээлде болуп жатканы белгилүү болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештеги жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Айсулуу Мамашова «Кумтөр» алтын кенин иштеткен Centerra Gold Inc. Компани өз үлүшүн сатканы жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда деп билдирди.

Эл өкүлү бул жөнүндө компаниянын кызматкерлери айтып жатышкандыгын билдирип, мурдагы өкмөт жаӊы келишимге кол койгон, бирок эмдигиче бюджетке акча түшө электигин айтты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой сөздөр бар экенин, өкмөттү акыркы келишимдин шарттары канааттандырбай турганын, келерки аптада Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилери менен жолугушуп, анын жүрүшүндө сүйлөшүүлөр кайсы деӊгээлде болуп жатканы белгилүү болорун билдирди.

«Келишимдин шарттары канааттандырбайт, биз каражаттын түшүшү боюнча өз позициябызды бекемдөөгө тийишпиз. Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестициянын тартылышы боюнча келишим 5 жолу убактылуу узартылды. Ал азыр биздин талаптарыбызды кароодо, ошондуктан сүйлөшүүлөр качан жана кандай аяктары азырынча белгисиз. Кыскасы, келишим азырынча күчүнө кире элек, анда биз аткара турган да, компания аткара турган да талаптар бар», - деген жообун берди өкмөт башы.

Пикир

Оставить комментарий