Банктын уставдык капиталы эмне экенин жана эмне үчүн банктардын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү чечими кабыл алынганын Улуттук банктын лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Алманбет Садыров айтып берет.
— Банктын уставдык капиталы деген эмне?
— Банктын капиталын толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Ал боюнча Банк уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан салынган каражаттарды кайтарып берүүгө милдеттүү эмес жана бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына жооп берет.
Банктын уставдык капиталы – банктын уюштуруучуларынын (акционерлеринин) каражаттары болуп саналат жана накталай эмес формада, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлөт.
—Эмне үчүн Улуттук банк коммерциялык банктардын уставдык капиталынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алат?
— Кыргызстандын банк системасын өнүктүрүүдө негизги багыттардын бири – бул системанын туруктуулугун бекемдеп, банк ишинин натыйжалуулугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн, банк секторунун ишинин натыйжалуулугун колдоо болуп саналат.
Капиталдык база боюнча ресурстар банктардын маанилүү булагы болуп саналат. Буга кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү максаты да кирет.
Ошентип, банк системасынын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу, ошондой эле банк системасынын тобокелдиктерин жабуу жана банктардын коопсуз иштеши үчүн зарыл болгон капиталдык базаны чыңдоо жана колдоо максатында, Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлүп жаткан жана иштеп жаткан банктар (чет элдик банктардын филиалдары да кирет) үчүн уставдык жана өздүк (жөнг салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмүн түзүү боюнча 1,0 жана 2,0 млрд сом өлчөмүндө (системалуу маанилүү банктар үчүн) талаптарды белгилөө чечими кабыл алынган:
- 2023-жылдын 1-апрелинен тарта – 600 млн сом;
- 2024-жылдын 1-июлунан тарта – 800 млн сом;
- 2026-жылдын 1-июлунан тарта – 1 млрд сом.
Ошондой эле иштеп жаткан системалуу мааниге ээ банктар үчүн уставдык капиталды 2 млрд сом деңгээлинде түзүүнүн мөөнөттөрү 2023-жылдын 1-июлуна чейин белгиленген.
— Банктарга системалуу мааниге ээ банк катары баа берүүнүн кандай критерийлери бар?
— Банктардын системалуу маанисине баа берүү жыл сайын жүргүзүлөт. Банк системасындагы банктардын системалык маанисине баа берүү үчүн колдонулган сандык көрсөткүчтөр алардын акыркы баа берүүдөн кийинки финансылык натыйжаларынын негизинде эсептелет (жылдын акырына карата маалыматтар).
— Коммерциялык банктар талап кылынган уставдык капиталдын чегине жете албаса, Улуттук банк кандай чараларды колдонот?
Банктар белгиленген талаптарды аткарбаган учурда, мындай банктарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарды жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталга карата экономикалык ченемди бузган банктарга таасир этүү чараларын колдонуу тартиби, анын ичинде кардарлардын аманаттарын топтоо максатында, жеке жана юридикалык жактардан кайра кайтаруу шартында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен микрофинансылык компания катары кайра катталуу же ыктыярдуу түрдө жоюлуу мүмкүнчүлүгү каралган. Жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды алуу укугуна ээ болуу максатында кайрылган микрофинансылык компаниялар үчүн минималдуу уставдык капитал 2023-жылдын июлунан тартып 600 млн сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленет.
— Кыргыз Республикасынын коңшу мамлекеттеринин банктары үчүн уставдык капитал боюнча кандай талаптар коюлат?
— ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүнө төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
- Армения Республикасынын банктары үчүн баштапкы (өздүк) капиталдын минималдуу өлчөмү 30 миллиард драмды, Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 6,8 миллиард сомду, Армения Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү – 50 млн драмды, Улуттук банктын
2023-жылдын 1-апрелиндеги курсу боюнча – 11,3 млн сомду түзөт;
- Россия Федерациясынын банктары үчүн уставдык капиталдын жана өздүк каражаттардын (капиталдын) минималдуу өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленет:
1) 1 млрд рубль (Улуттук банктын 01.04.2023-жылдагы курсу боюнча – 1,1 млрд сом) – универсалдуу лицензиясы бар банк үчүн;
2) 300 млн рубль (Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 340,2 ммлн сом) – базалык лицензиясы бар банк үчүн;
- Беларусь Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 45 млн белорус рублин, Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 1,4 млрд сомду, ал эми Беларусь Республикасынын банктары үчүн ченемдик капиталдын минималдуу өлчөмү – 66,66 млн белорус рублин, Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 2 млрд сомду түзөт;
- Казакстан Республикасынын банктары үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү 10 млрд теңгени, Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 1,9 млрд сомду, Казакстан Республикасынын банктары үчүн өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү – 10 млрд теңгени, Улуттук банктын 2023-жылдын 1-апрелине карата курсу боюнча – 1,9 млрд сомду түзөт.
Пикир
Оставить комментарий