• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Эне жана баланы коргоо борборунун гематология бөлүмүнө демөөрчүлөр аба муздаткычын белек кылышты

Коом 0

Бишкек, 13-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 11-июлда “Кабар” агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемотология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдар жана алардын ата-энелери күндүн ысыгынан жабыркап, балдардын мурундарынан кан агып, айрым медайымдар эсин жоготуп кулап жатканын аталган мекеменин кызматкерлери айтышкан болчу. Ошондой эле, буга палаталарда аба муздаткычынын жоктугу себеп болуп жатканын, буга чейин иштеген муздаткычтын эскилиги жетип иштебей калганын билдиришкен. Ошол эле учурда кызматкерлер палаталарга жаңы аба муздаткычтары керек экенин айтып, кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдү жардам берүүгө чакырган.

Жыйынтыгында кызматкерлер ачылган эсепке бир нече күндө 6 миң сомдон ашык каражат топтолгонун жана 3 аба муздаткычын орнотуп берүү үчүн демөөрчүлөр табылганын билдиришти. Муздаткычтар эки күн аралыгында палаталарга орнотулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий