• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Энергетика министри Баткенде жаңы имараттардын курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 19.01.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында жаңы салынып жаткан энергетикалык имараттардын курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда облустун аймагында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын филиалы Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат.

Таалайбек Ибраев курулуштун сапатына өзгөчө басым жасап, жумуштун сапаттуу жүрүшүн жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду.

"Биз үчүн жаңы имараттын сапаттуу болуусу абдан маанилүү, курулуштун жүрүүсү убагында аяктап, имараттын ичи толук бойдон жаңы эмеректер менен камсыздалышы керек. Бул имаратты куруубуздун максаты Баткендеги энергетиктердин иштөөсүнө жакшы шарт түзүп берүү. Кызматкерлерге жакшы шарт түзүлсө, алардын жумушка болгон маанайы көтөрүңкү болуп, иш тез жана так аткарылат," - деп белгиледи министр.

Эске салсак, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын каржылоосу менен 2023-жылдын сентябрь айында Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин административдик имаратынын курулушу башталган. Учурда жумуштун биринчи этабына ылайык Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТнин имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Андан соң министр Ибраев Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү, өткөн жылда жасалган иштер жана быйылкы жылы аткарыла турган жумуштар талкууланып, энергетика министрлиги тарабынан Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтып өттү.

Ошондой эле сапардын алкагында министр президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров менен жолугуп, Баткен облусунун аймагына күн электр станциясын куруу үчүн жер бөлүп берүү маселесин талкуулады.

Министр энергетика тармагына кирген “өзгөчө кырдаал” режиминин алкагында күн, шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыкчам аракет кылуу керектигине токтолду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров Энергетика министрлигинин сунушун колдоорун жана биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий