• 87
  • 90.43
  • 0.88

Энергетика министри Чүй электр тармактар ишканасынын кышка даярдыгын текшерди

Коом 0

Бишкек, 13.07.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын райондук электр тармактарынын күз-кыш мезгилине карата даярдыгын текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, анда министр "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун орун басары Илгиз Сыдыгалиев жана Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов менен биргеликте Аламүдүн, Кант, Ысык-Ата жана Чүй райондук электр тармактарына барышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө административдик имараттар, диспетчердик пункттар, техникалык парктар, энергетикалык жабдууларды сактоочу кампаларга өзгөчө көңүл бурулду.

Министр күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүш үчүн, сатылып алынган материалдар, электр жабдыктар да сапаттуу болушу керектигин айтып, жетекчилерге ушул жагына көңүл буруу зарыл экендигин баса белгиледи.

Андан тышкары, Таалайбек Ибраев райондук электр тармактардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда акылдуу эсептегичтерди орнотуу, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо, оңдоо иштери убагында коопсуздук эрежелерин сактоо, социалдык маселелер, энергетиктердин балдарына бала бакча куруу жана техперсоналдын эмгек акысы боюнча маселелер талкууланды.

"Алдыдагы күз-кыш мезгилинин башталышы менен диспетчерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси каралат. Энерготутумдун ишенимдүү иштеши жана күз-кыш мезгилинде штаттан тышкары абалды ыкчам жоюу диспетчерлердин жоопкерчилигинен көз каранды болот. Ошондуктан учурда 24 саат иштеген диспетчерлерге өзгөчө көңүл бурулуп, иштөө үчүн тиешелүү шарттар түзүлүүдө", - деп белгиледи министр.

Соңунда министр энергетиктерге алдыдагы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн энергетикалык объектилерди оңдоо, реконструкциялоо иштерин, пландаштырылган иштерди өз убагында аягына чыгаруу зарыл экендигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий