Энергетика министри: Электр энергияны үнөмдөгөн мамлекет гана бай болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагынын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

“Электр энергияны үнөмдөгөн мамлекет гана бай болот. Өзүңөр көрүп жатасыңар, күндүз дагы ресторан, унаа жуучу жайдын электр жарыгы күйүп турат. Күндүзгү маалда лимитти кармагыла деп суранып жатабыз. 2023-жылдын 1-апрелине чейин Токтогул суу сактагычында 9,2 млрд куб метр суу менен чыгабыз деп пландап койдук. Быйыл 7,9 млрд куб метр суу менен чыксак, аны 9,2 млрдга көтөрөлү деп жатабыз. Жылдан жылга сууну көбөйтүп топтобосок, коллапс боло берет”, - дейт ал.

Ибраев бүгүнкү күндө өлкө аймагы боюнча 16 млрд 200 млн кВт саат электр энергия колдонулуп жатканын айтып, 3 млрд кВт саат дефицит болуп жатканын белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий