Энергетика министри Орто-Токой ГЭСин куруу иштерин баштоого даярдыкты текшерди

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Орто-Токой ГЭСинин курулуш ишинин башталышына карата даярдык иштерин текшерди.

Ведомстводон белгилешкендей, эртең, 29-июнда аталган ГЭСти курулушу башталып, капсула салуу иш-чарасы өтөт.

Маалыматка ылайык, Орто-Токой суу сактагычына кубаттуулу 21 МВт болгон ГЭС куруу үчүн “Чакан ГЭС” ААК менен кытайлык CНMC (China National Heavy Machinery Corporation) компаниясынын ортосунда долбоорду толугу менен ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган.

Бүгүнкү күнгө карата Орто-Токой ГЭСинин долбоорло иштери аяктаган. Мезгил кутучасы салуу аземинен кийин Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштери башталат.

ГЭСти 2 жылдын ичинде куруп бүткөрүү пландалган.

Министр Ибраев энергетикалык тартыштыктан чыгуу үчүн ГЭСтерди куруунун маанилүүлүгүн белгилеп, “Чакан ГЭС” ААКтын башкы директору Н.Садыковго Орто-Токой ГЭСинин курулуш ишине карата капсула салуу иш-чарасын жогорку деңгээлде өткөрүүнү жана ГЭСтин курулуш ишин графикке ылайык, өз убагында так аткарылуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий