• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын модерницазиялоо иштери менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 10.07.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул ГЭСинин №1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.

Ведомстводон белгилешкендей, аталган гидроагрегатты реконструкциялоо иштери мындан 4 ай мурда башталган.

Министрге учурдагы реконструкция жумуштарынын аткарылышы тууралуу реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар маалымат берди. Анын айтымына караганда, 1-гидроагрегатты реконструкциялоо жумуштарынын алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:

  • негизги жана көмөкчү жабдууларды демонтаждоо иштери толугу менен аяктады;
  • турбинанын жана спиралдык камеранын салынган тетиктерин даярдоо иштери аяктады;
  • роторду чогултуу аяктады;
  • агрегаттарды муздатуу тутуму үчүн түтүктөрдү , кабелдик лотокторду, ток өткөргүчтөрдү монтаждоо жүргүзүлүүдө.

Келерки жумада чогулган статорго сыноо жүргүзүү менен текшерүү жумуштары болот , андан кийин жаны ротор ордуна салынат.

Министр ГЭСтин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерип, компаниянын башкы директору С. Садыракуновко оңдоп-түзөө жумуштарын өз убагында бүткөрүүнү, модернизация долбоорун, суу режимин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Гидроагрегаттын реконструкция жумуштарын күз-кыш мезгилине өз убагында бүтүрүүбүз абзел, анткени агрегаттарды киргизүү кеч калса баарыбызга канчалык кыйын болоорун билебиз, ошон үчүн командабыз менен талыкпай эмгектенип жатабыз , буйруса берилген жумуштар графикке ылайык бүткөрүлөт", - деди Токтогул ГЭСинин реабилитациялоо долбоорунун жетекчисинин орун басары Людмила Шакар.

Пикир

Оставить комментарий