• 87
  • 90.41
  • 0.84

Энергетика министрлиги курултайдын делегаттарынын суроо-талабын кабыл алууда

Коом 0

Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басары Насипбек Керимов жана энергокомпаниялардын жетекчилери III Элдик курултайдын делегаттарын кабыл алышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, жетекчилер тармакка тийиштүү чечилбей келген маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Министрликке көбүнчө кошумча кубаттуулукту жогорулатуу үчүн чакан ГЭС куруу, газдаштыруу, эскирген мамыларды, трансформаторлорду, көмөк чордондоду жана аба чубалгыларын алмаштыруу маселелери менен кайрылышууда.

Мындан тышкары, буга чейинки болуп өткөн курултайдын катышуучулары тарабынан Энергетика министрлигинин аткарган иштерине ыраазычылык билдиргендер дагы болду.

Курултайдын делегаттарын энергетика министри өзү кабыл алып, ар бирине жеткиликтүү жооп берип, айрым маселени жеринде чечип берди.

Эске салсак, III Элдик курултай эки күнгө созулат. Энергетика тармагы боюнча көтөрүлгөн ар бир маселеге министрлик тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий