• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Энергетика министрлиги: Ошто 5,6 миң абонентке электр жарыгы берилди

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында бүгүн саат 14:30га карата 5,6 миң абонентке электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, учурда Ош электр тармактары ишканасы тарабынан Ош облусунун жана Ош шаарынын селден жабыркаган аймактарында энергообъектилерди оңдом-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда селдин кесепетинен улам жараксыз абалга келген мамычаларды, аба чубалгыларды жана көмөк чордонду кабылына келтирүү иштери аткарылууда.

"Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААКтын башкы директорунун орун басары Доктурбай уулу Жолдошбек, Ош электр тармактар ишканасынын директору Эмилбек Ысманов жана РЭТ башчылары селден кийинки электр жабдууларынын абалына менен жерине таанышты. Доктурбай уулу Кара-Суу, Ноокат райондорундагы жана Ош шаарындагы сел алып кеткен электр тирөөчтөрүн тезинен калыбына келтирүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Кара-Суу району боюнча селдин кесепетинен жалпы 7,5 миң абонент жарыксыз калса, азыркы саатка карата 5,6 миң абонентке жарык берилди.

Пикир

Оставить комментарий