Энергетика министрлиги Венадагы эл аралык форумдун алкагында көргөзмө уюштурду

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24./Кабар/. Ушул күндөрү Кыргызстандын министрлер кабинети Вена шаарында (Австрия) эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өткөрүүдө. Иш-чара Австрия өкмөтү менен биргеликте Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу менен ишке ашууда.

КР Энергетика министрлигинен маалымдашкандай, форумдун негизги максаты өлкөнүн энергетика тармагын реформалоодогу ийгиликтерин көрсөтүү, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун талкуулоо жана Борбордук Азияда таза энергетикага өтүүнү тездетүү үчүн олуттуу потенциалга көңүл буруу болуп саналат.

Энергетикалык инвестициялык форумга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Австрия, Франция, Сауд Аравиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Улуу Британия өлкөлөрүнөн, Европа биримдиги, Араб координациялык тобу жана башка уюмдардын жогорку деңгээлдеги делегациялары, бир катар банктын өкүлдөрү болуп жалпы 200гө жакын адам катышууда.

Форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын энергетикалык потенциялы жана "Камбар-Ата-1 ГЭСи" долбоору боюнча видео-ролик көрсөтүлөт. Мындан тышкары, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Таалайбек Ибраев келечектүү долбоорлор боюнча атайын перезентация кылышат.

Аталган иш-чаранын алкагында КР Энергетика министрлиги атайын көргөзмө уюштуруп, анда Камбар-Ата-1 ГЭСинин макети, кыргыздын жаратылышы, энергетикалык потенциялы камтылган буклеттер, улуттук суусундуктар жана жер-жемиштер коюлду.

Көргөзмөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан келген атайын делегаттар, бизнесмендер, инвесторлор жана энергетиктер келишип, кызыккандар кыргыздын маданияты, ири долбоорлору, энергетикалык потенциялы, жаратышы тууралуу маалымат алышууда.

Пикир

Оставить комментарий