• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда күз-кыш мезгилине даярдык талкууланды

Коом 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. Бүгүн энергетика министринин биринчи орун басары Курсантбек Өмүрбеков онлайн форматында Кыргызстандын калкын күз-кыш мезгилине даярдоо жана өтүү боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыйынга облус башчылары, министрлик жана ведомстволордун, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жана энергокомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Аталган жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын экономика тармагын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, республиканын мамлекеттик органдарын жана аймактарын күз-кыш мезгилине өз убагында даярдоо максатында маалыматтар берилип, сунуштар каралды.

Мындан тышкары, энергетика министринин орун басары 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдыктарды алдын алуу маселесин көтөрдү.

“Өзүңүздөргө маалым болгондой кыш мезгили жакындап келе жатат. Өткөн жылдагы энергетика тармагындагы анча-мынча кемчиликтер быйыл кайталанбашы керек. Алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярданып, жоопкерчилик менен иш алып барууңуздарды өтүнөм. Себеби, элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу биздин милдет. Калкка жылуулук жана жарыкты үзгүлтүксүз берүүдө баарыбыздын жоопкерчилик сакталсын”- деди Өмүрбеков.

Пикир

Оставить комментарий