• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Энергетика секторундагы 92 млрд сом тышкы карызды 2025-жылы төлөп бүтүш керек

Экономика 0

Бишкек, 4-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын энергетика секторунун тышкы карызы 92 млрд сомду түзөт. Аны биз 2024-2025-жылга чейин төлөшүбүз керек. Бул тууралуу аталган тармакка багытталган тегерек үстөлдө Улуттук энергохолдингдин төрагасынын орун басары Нурбек Абасканов билдирди.

Геология минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев өз кезегинде Кыргызстан энерго тармагына алынган 1,2-1,5-млрд доллар өлчөмүндөгү карызынан кантип куталат деген суроо узатты.

Абасканов Кыргызстандын энергетика тармагынын тышкы карызы чындап эле 92 млрд сом экенин айтты.

“Бул карыздарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү 2024-2025-жылдарга туш келет. Кырдаалдан чыгуунун бир жолу - жаңы базарга чыгып, электр энергиясын экспорттош керек. Биз коңшу өлкөлөр менен байланыш түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Белгилүү болгондой жылына эң аз дегенде 500 млн киловатт саат электр энергиясын экспорттошубуз керек”,-деди Абасканов.

Ошондой эле, Энергохолдингдин төрагасынын орун басары “CASA-1000” долбоорунун алкагында жаңы базарга чыгууга шарт түзүлөт деп кошумчалады.

Ал эми ички колдонуучулар жөнүндө айта кете турган болсок, Абасканов бул өтө курч маселе экенин моюунуна алып, ички базардын чыгашаларын жаба турган тарифти иштеп чыгуу зарылчылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий