Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Энергетика тармагында алдыда биргелешкен бир катар долбоорлор бар. Бул тууралуу Казакстандын энергетика вице-министри Сунгат Есимханов билдирди.
Ал Бишкекте Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада кыргыз кесиптештерин майрамы менен куттуктап, баарына белгилүү болгондой, суу-энергетикалык ресурстарын өндүрүү кыргыз энергетикасынын негизги артыкчылыгы экендигин белгиледи.
“Бул тармак күндөн күнгө өнүгүп жатат. Биздин алдыбызда биргелешкен бир катар иштер бар. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн коңшу мамлекеттер биригип, меморандумга кол койгонбуз.
Бүгүнкү күндө биз эл аралык багыттарда да кызматташып жатабыз. Жакынкы убактарда биз масштабдуу долбоорду ишке ашырабыз. Бул Кыргызстандын энергетика тармагынын өнүгүшүнө гана эмес, бүткүл Борбор Азия регионунун энергетикасынын өнүгүшү үчүн салым кошуу болуп саналат”, - деди ал.
Ошондой эле вице-министр бул энергетикадагы биргелешкен иштеги жоопкерчилик эле эмес , мында суу ресурстары менен байланышкан маселелерди чечүү да маанилүү экендигин айтты.
Пикир
Оставить комментарий