Энергетикадагы көйгөйлөр жана аларды чечүү аракеттери. Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент 0

Өлкөдө убактылуу электр энергиясын берүүдө чектөө киргизилди. Мындай чара Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганына жана Токтогул ГЭСиндеги эки агрегатты, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштерине байланыштуу көрүлүүдө. Карапайым калк арасында убактылуу көрүнүшкө түшүнүү менен карагандар болсо, айрымдары нааразычылыктарын айтып чыгууда. Бул пландык өчүрүүбү же чын эле энергетика тармагындагы оор кырдаалдан кабар береби? Токтогул суу сактагычындагы жагдай кандай? Мына ушул жана башка суроолорго байланыштуу президент Садыр Жапаровдун пикирин уктук.

— Саламатсызбы Садыр Нургожоевич!

– Саламатчылык!

— Садыр Нургожоевич, акыркы күндөрү соцтармакта электр жарыгы өчүп жатканын жазгандар көбөйө баштады. Бул эмне себептен болууда? Пландык өчүрүүлөрбү же энергетика тармагы ага келген жүктү көтөрө албай жатабы?

— Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ушул энергетика тармагында болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө эл-журтка толук маалымат берип, түшүндүрө кетейин.

"Токтогул" ГЭСинин биринчи агрегаты 1975-жылы ишке берилген экен.

Башкача айтканда, дээрлик элүү жылдан бери иштеп келет.

Бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес.

Демек, жараксыз абалга кептелген десек болот. Негизги иштөө мөөнөтүнүн кепилдиги 30 жылды түзөт.

Ал эми биз 50 жылдан бери тынымсыз жана үзгүлтүксүз колдонуп келе жатабыз.

Ошондуктан "Токтогул" ГЭСинин 1-гидроагрегатын 5-марттан тарта реконструкциялоо үчүн токтоттук. Кышка чейин оңдоодон өткөрүп алсак, 60 МВт кошулат.

Ал эми 2-4-гидроагрегаттарын 2022-2023-жылдан бери капиталдык оңдоодон өткөрүп алганбыз. 3-агрегатын эмдиги жылы капиталдык оңдоодон өткөрөбүз. Ошону менен "Токтогул" ГЭСи дагы 40-50 жыл Кыргызстан элине былк этпей кызмат кылып берет. Капиталдык оңдоолордун пайдасынан 240 МВт кошумча электр энергиясы кошулат.

Мындан сырткары, "Үч-Коргон" ГЭСи дагы 1962-жылы ишке киргизилгенден бери бир да жолу оңдолгон эмес.

ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жыл болсо, анын мөөнөтү 1992-жылы эле аяктаган.

ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, дээрлик жараксыз абалга келиптир.

Ушуга байланыштуу "Үч-Коргон" ГЭСин модернизациялоо дагы өтө маанилүү.

5-марттан баштап "Үч-Коргон" ГЭСинин 4-гидроагрегатын реконструкциялоо үчүн токтотуп жатабыз.

Ушул иштерге байланыштуу электростанциялардын учурдагы кубаттуулугу 290 МВт саатка азаят. Мындай кырдаалда энергетика системасындагы тиешелүү болгон 290 МВт саат электр энергиясынын тартыштыгы пайда болуп, бул өлкө керектөөчүлөрүнө электр энергиясын пайдаланууга убактылуу чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы келип чыгат.

Электр энергиясы эң көп керектелген эртең мененки жана кечки маалдарда аны колдонууга чектөөлөр киргизилет.

Бул иштерди келерки күз-кыш мезгилине даярдык көрүү катары түшүнүү керек.

Электр объектисин өчүрүү менен иштер жүргүзүлсө, алдын ала социалдык тармактар жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге убактылары жөнүндө маалымат берилет.

Биз баарыбыз бир нерсени жакшы түшүнүшүбүз керек.

30 жылда бир дагы кошумча ГЭС курулган эмес.
Элдин саны эки эсеге жакын өстү.

Жыл сайын энергетикалык керектөөлөр өсүп жатат.

Үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка социалдык, инфратүзүмдүк объектилер салынууда.

Анын баарына эле ар кыл деңгээлде кошумча электр кубаттуулугу керек да.

Мындан сырткары, кышкысын 3 миллиард кВт- саат электроэнергиясын кошуна өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Суунун башында туруп, электроэнергиясын импорттогонубуз өтө уят нерсе. Муну биз 30 жыл алдын ала эле ойлонуп, намысыбызга келишибиз керек эле. Эң жок дегенде, жылына 50 МВттык ГЭСтерди куруп келгенибизде, бүгүн мындай көйгөй жаралбайт эле.

Азыр мен деле эптеп президенттик убактымды өткөрүп, "көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин" деп жатып алсам болот эле. Бирок абийирим жол бербеди. Элге жаман көрүнсөм мейли, бирок баарын иретке келтирип кетейин деп бел байладым. Азыр эми эки жылдан бери 50дөн ашык орто жана чакан ГЭСтерди куруп жатабыз.

Он чактысын ишке киргиздик. Калганын 2025-2026-жылдары ишке беребиз. Жакында, ушул айдын аягында, "Бала-Саруу" ГЭСин ишке киргизебиз. Кубаттуулугу 25 МВтты түзөт. Бул Талас облусун жайды-жайлай электро энергиясы менен камсыз кылат деген сөз.

— Энергетика министрлиги быйыл "Токтогул" ГЭСинде суунун топтолуусу төмөн экенин, электроэнергияны үнөмдүү колдонбосок, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучун билдирди. Мындай маалымат чыкканда эле, “сууну сатып жатышат” деген сөздөр тарачу эле. Чыныгы себеби эмнеден улам?

— Биринчиден, "Токтогул" суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат.

Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат.

— Энергетикалык кубаттуулукту арттыруу багытында дагы кандай чаралар көрүлүүдө?

— "Камбар-Ата- 1ди" баштадык. Дүйнөлүк банк анын Техникалык экономикалык негиздемесин жаңылоого каражат бөлүп берди. Техникалык экономикалык негиздемеси бүтсө, анын долбоорун баштайбыз. Бирок биз ар кимди карап олтурбастан, өзүбүздүн бюджеттен каражат бөлүп, 2 жылдан бери даярдык иштерин жасап жатабыз. Булар: жолдор, көпүрө, туннель жана башка иштер. Кудай буюрса, аяктап калдык. Бүтөрүбүз менен ГЭСтин өзүнүн курулушун баштайбыз. Бул ГЭС бүтсө, Орто Азиядагы ири ГЭСтердин бири болуп, Орто Азиянын электр энергиясынын эле эмес, суу көйгөйүн да чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан башка дагы бир топ ири ГЭСтердин Техникалык экономикалык негиздемеси даярдалууда. Жөн жаткан жокпуз.

Пландарды түзүп, келечек үчүн чара көрүүдөбүз. Максатыбыз - келечекте электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айлануу. Болгондо да "жашыл электр энергиясын" экспорттойбуз.

— Суроолорубузга ачык жооп бергениңиз үчүн сизге терең ыраазычылык!

— Силердин да ишиңерге ийгиликтерди каалайм!

Маектешкен "Кабар" КУМАнын директору
Медербек Шерметалиев

Пикир

Оставить комментарий