• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ошто энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Ошто энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Кара-Суу РЭТи тейлеген 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткендиктен, 7,5 миң керектөөчү жарыксыз калган.

Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы сел Ак-Буура дарыясынын боюндагы 1 даана электр мамысы агып кеткен.

Азыркы учурда керектөөчүлөргө башка көмөк чордондон электр энергиясын берүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп түзөө бригадалары иштеп жатат.

6 даана атайын техника — 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор, 1 даана камаз жумушка тартылды.

Мындан тышкары, Ош ЭТИнин кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий