• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Энергохолдинг: “Чыгышэлектрдин” штаттык санын оптималдаштыруу компаниянын каржылык абалы менен байланыштуу

Аймак 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. “Чыгышэлектр” ААКтын кызматкерлеринин штаттык санын оптималдаштыруу боюнча чечим, компаниянын бүгүнкү күндө каржылык жактан оор абалда калгандыгы менен байланышкан. Бул тууралуу Энергохолдинг компаниясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы эки административдик-башкаруу персоналы акционердик коомдун кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин кайталагандыгы, компаниянын каражаттарын сарамжалдуу эмес пайдаланууга алып келет. Бул, өз кезегинде “Чыгышэлектр” ААКна тиешелүү деңгээлде электр тармактарын оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, жана керектөөчүлөрдү тейлөөгө мүмкүндүк бербейт.

Ушуга байланыштуу, Улуттук энергохолдинг тарабынан мурда акционердик коомдун Директорлор кеңешине штаттык санды оптималдаштырууну жүргүзүү жана эки облустагы кардарларды натыйжалуу тейлөө максатында компаниянын офисин Каракол шаарынан Балыкчы шаарына көчүрүү сунушталган.

Бирок, үстүбүздөгү жылдын 28-январында, Улуттук энергохолдингдин Башкармалыгынын мүчөлөрү катышкан “Чыгышэлектр” ААКтын жумушчу кеңешмесинде компаниянын эмгек жамааты кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу, акционердик коомду башкарууну Каракол шаарында калтыруу, ошол эле учурда эки облустагы кызматкерлердин санын оптималдаштыруу өтүнүчү менен кайрылган.

Кызматкерлердин өтүнүчүн эске алып, компаниянын дарегин өзгөртпөө жана акционердик коомдун Башкы дирекциясы жана Директорлор кеңеши менен биргеликте “Чыгышэлектр” ААКтын түзүмүн оптималдаштырууну эмгек жамаатына (кесиптик кошунга) тапшыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

Белгилей кетчү нерсе, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын начарлатууга жол бербөө үчүн, штаттык санды кыскартуу ыкчам-оңдоо бригадалардын кызматкерлерине жана башка техникалык кызматкерлерге тийбейт.

Оптималдаштыруу ошондой эле жашы жеткендигине байланыштуу пенсияга чыккан кызматкерлердин эсебинен жүргүзүлөт.

Компаниянын кыскартууга туш болгон бардык кызматкерлери кадрлардын резервине катталат. Келечекте, бош орун пайда болгон учурда алар биринчи кезекте жумушка орноштурулат.

Интеллектуалдык эсептөө алеттери туура эмес иштейт имиш деген сөздөр боюнча, Улуттук энергохолдинг арыз менен кайрылган ар бир керектөөчүгө электрондук эсептегичтерди ЭКЭАТ (АСКУЭ) эсептегичтери менен катарлаш орнотуп, ЭКЭАТтын туура иштөөсүн текшерүүнү ишке ашырууга даяр экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий