• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Эпидкырдаал курч! Министрлик жарандарды санитардык нормаларды сактоого чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуп бара жатат, акыркы суткада коронавирустун 931 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, жаранлар ойлонуп, санитардык нормаларды так сакташы керек.

Рахматуллаев жарандарды бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, колду самындап жууп, антисептик колдонууга, эл көп топтолгон жайларга, той-топурга барбоого чакырды.

«Республикалык штаб тарабынан жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, мамлекеттик администрацияларга коопсуздук чараларын күчөтүү жана коомдук иш-чараларды өткөрүү жайларында чектөөлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алуу тапшырылды», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий