• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

ЕРӨБ Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында жеңилдетилген насыя бөлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мамкурулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кербен шаарынын таза суу тармагы менен канализациясын жаңыртуу багытында 6,5 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя каражатын бөлөт. Анын ичинде 2,5 млн евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий