• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Эр-Рияддагы айыл чарба көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Эр-Рияд шаарындагы 41-Эл аралык айыл чарба көргөзмөсүндө Кыргызстандын Улуттук павильону ачылды.

ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов павильонго барды. Анда биринчи жолу чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктар көрсөтүлдү.

Кыргыз делегациясы тарабынан Кыргызстандын айыл чарба мүмкүнчүлүктөрү кеңири чагылдырылып, иш-чаранын катышуучуларына жана конокторуна өлкө жана анын айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилүүдө. Сунушталган атамекендик бренддер чет элдик араб айыл чарба компанияларынын чоң кызыгуусун жаратууда. Азыркы учурда айыл чарба компанияларынын ортосунда өз ара кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эл аралык көргөзмөгө Кыргызстандан 9 компания - "Алайку Органикс" ЖЧК, "Гимнилли" ЖЧК, "Дары Тяньшань" ЖЧК, "Данабад" ЖЧК, "Бал Кинг" ЖЧК, "Эксимторг" ЖЧК, "Табалды у Нурсултан" ЖЧК, "Эко Бал" ЖЧК жана "Дары Ыссык-Куля" ЖЧК катышууда.

Маалымат үчүн: 41-Эл аралык айыл чарба көргөзмөсү региондогу эң масштабдуу айыл чарба иш-чаралардын бири болуп саналат. Ага чет өлкөлөрдөн келген 28 өлкөнүн жана Сауд Аравиядан 370 айыл чарба компаниясынын өкүлдөрү активдүү катышууда. Жыл сайын өтүүчү көргөзмө дүйнө жүзү боюнча айыл чарба секторунан 20 000ге жакын адистерди жана кызыкдар тараптарды тартат деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий