• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Эр-Риядда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. 2-октябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин көмөгү менен Silk Way Travel компаниясы жана «l Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу өттү.

Иш-чараны Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргызстан үчүн туризм өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп.

"Мамлекеттин негизги максаты туристтик индустрия уюмдары жана ишканалары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, бул тармактын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылган заманбап мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны түзүү болуп саналат", - деди ал.

Роуд-шоунун алкагында Silk Way Travel компаниясынын жетекчиси Э.Мырзабеков Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңири тааныштырып, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Иш-чарага 19 туристтик компания активдүү катышып, алар кыргыз өнөктөштөрү менен туризм чөйрөсүндө мындан ары да өз ара кызматташууга кызыгуусун билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий