• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Минскте Кыргызстанда онлайн бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев "Онлайн-бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бирдиктүү санариптик күн тартиби жана аны Беларуста колдонуу тажрыйбасы" аттуу эл аралык тегерек столду ачты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Беларусь парламентинин, дипломатиялык корпустун, ири IT жана финансы компанияларынын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана жогорку окуу жайлардын студенттери катышты.

Өз сөзүндө элчи Эрбол Султанбаев онлайн-сооданы өнүктүрүүдө заманбап санариптик технологиялардын ролуна токтолуп, Кыргызстанда электрондук коммерция жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Атап айтканда, "Электрондук соода жөнүндө" КР мыйзамынын өзгөчөлүктөрү, 2023-2026-жылдарга электрондук коммерцияны колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле 2022-жылдан тартып Кыргызстанда иштеп жаткан электрондук соода субъекттери үчүн атайын салык режиминин артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.

Эайтымында, бул чаралар салыктык кирешелердин өсүшүнө жана электрондук соода чөйрөсүндөгү субъекттердин санын көбөйүшүнө алып келди.

Тегерек столдун катышуучулары бизнес-процесстерде алдыңкы санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти колдонуу жана ишкердикти илгерилетүү үчүн IT продуктуларды киргизүү боюнча пикир алмашышты.

Пикир

Оставить комментарий