• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Эреже бузуп, каршы тилкеге чыккан автобустун айдоочусу жумуштан алынды – ЖКККББ

Коом 0


Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан автобустун айдоочусу жумуштан четтетилди. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жол чырактын кызыл түсүнө токтобой, айдап бара жаткандыгы боюнча видео жарыяланган.

Бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери автобустун айдоочусун таап, каршы тилкеге чыккандыгы жана жол чыракка баш ийбегендиги үчүн 20 миң 500 сом айып салышты.

"Ал эми айдоочунун ишмердүүлүгү коммиссияда каралып, бардык айып пулдарды төлөтүү менен жумуштан четтетүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий