• 86.17
  • 93.86
  • 0.87

ERIK долбоорунун алкагында Ысык-Көлдө 4 мектептин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жаңы төрт мектептин курулуш иштери башталды.

Имараттардын курулушу Дүйнөлүк банктын "Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" (ERIK) долбоору тарабынан каржыланууда.

Төмөндө курулушу жүрүп жаткан мектептердин тизмеси:

  • Д.Молдогазиев атындагы №8 мектеби, Түп району Шаты айылы;
  • М.Чокуев атындагы мектеп, Ак-Суу району Боз-Учук айылы;
  • Ж.Бейшекеев атындагы мектеп, Ысык-Көл району Ж.Бейшекеев айылы;
  • А.Сыдыкбеков атындагы мектеп, Ак-Суу району Токтогул айылы.

Жаңы курулган мектептер жер титирөөлөргө туруштук берет, электр энергиясын үнөмдүү сарптайт. Майыптыгы бар балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт жана санитардык-гигиеналык шарттарын камтыйт.

Мектеп гана эмес имараттын короосу да көрктөндүрүлүп, видеобайкоо системалары коюлат жана тышкы мектеп инфраструктуралары орнотулат.

Мектептер заманбап илимий методология боюнча тандалып алынган. Тандоо критерийлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Дүйнөлүк банк биргелишип иштеп чыккан.Тандоонун негизги талаптарынын ичинен участоктун сейсмикалык тобокелдиги, имараттын аялуу даражасы жана мектептеги окуучулардын саны эске алынган.

Жалпысынан долбоордун алкагында Кыргызстан боюнча Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен 40 мектеп курулат жана реконструкцияланат. Тандалып алынган мектептерде санитардык-гигиеналык жагдайды жакшыртуу иш-аракети жүрүп, ички дааратканалар орнотулат.

Д.Молдогазиев атындагы №8 мектеби

Мектептин иштеп жаткан эски имараты өзүнчө бөлүнгөн тогуз майда корпустардан турган. Биринчи корпус 1965-жылы курулган. Мектеп 250 окуучуга ылайыкталып, бүгүнкү күндө 330дан ашуун окуучу билим алууда.

Жаңы имараттын аянты 2336 м2 түзгөн 225 окуучуга ылайыкталган жаңы эки кабаттуу имарат курулат. Анда 16 окуу кабинети, 8 даараткана, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган. Ошондой эле жаңы мектепке саркынды сууларды тазалоочу курулмалар орнотулат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат. Желдетүү системасы орнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган, бекем жана туруктуу фундамент куруу үчүн арматураны байлоо иштери аткарылды. Фундаментти куюу иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин "Бийик КГ" жана "Аргын курулуш" ЖЧКлары биргеликте жүргүзүүдө.

М.Чокуев атындагы мектеп

Мектептин учурда иштеп жаткан эски имараты өзүнчө бөлүнгөн үч корпустан турат. Ал 1970-жылдары курулган. Мектеп 250 окуучуга ылайыкталган, бүгүнкү күндө анда 280ден ашык бала окуйт.

Мектептин жаңы имаратынын жалпы аянты 2175,38 м2 түзөт, 225 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу болот. Мектепте 8 ички даараткана, кол жуугучтар жана желдетүү системасы орнотулат. Ошондой эле спорт залы, концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, атайы жабдылган физика жана химия кабинеттери каралган.

Мектеп жылуулук, таза суу жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар менен камсыздалат. Имарат мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылып, пандустар жана лифт орнотулат.

Курулуш аянтында бүгүнкү күнгө чейин кандай жумуштар аткарылган?

Курулуш компаниянын тарабынан курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулду, атайын техникалар тартылды. Учурда котлованга байланыштуу иштери аяктаган. Фундаменттин арматуралык каркасын токуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Курулуш иштери коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптарын аткаруу менен жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин "Тунук курулуш" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Ж.Бейшекеев жана А.Сыдыкбеков атындагы мектептер

Бул мектептерде да курулуш иштери башталды. Бүгункү күндө курулуш аянтчасынын айланасына тосмо орнотулуп, атайын техникалар алынып, учурда котлованды казуу иштери аяктап жатат.

Курулуш иштерин Ж.Бейшекеева мектебинде "ЗиАР" ЖЧКсы жана "Канат Строй" ЖЧКсы менен биргеликте жүргүзүүдө.

А.Сыдыкбеков мектептеги курулушту "Алым строй" ЖЧКсы жана "Капитал билдинг ЛТД" биргиликте жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий