Эркин, атаандаштык, таза шайлоо – авторитеттүү мамлекеттин негизи

Коом 0

Ооба көтөрүлүп жаткан шайлоо темасы бүгүнкү күндө актуалдуу десек жаңылышпайбыз! Себеби "шайлоо" дегендин өзү мамлекетти жок кылууга дагы, же аны мамлекет катары таанууга дагы негизги күч экенин Кыргызстандын отуз жылдан ашуун басып өткөн эгемендик жылдардагы тарыхында күбө боло алдык. Кыргызстандагы болуп өткөн үч жолку бийлик алмашуу дал ушул шайлоонун жыйынтыгы менен келип чыкты. Эгерде шайлоолордун өтүшү эркин, атаандаштыкта жана таза өткөрүлө турган болсо мамлекетте туруктуулук, экономикалык өнүгүү, эл аралык аренадагы күчтүү мамлекеттердин катарына кирүүсү менен таанылмак. Бүгүнкү күндө бул мамлекет авторитеттүү мамлекет катары белгиленмек.

Авторитеттүү мамлекет – бул өз аймагында, эл аралык аренада жогорку күчкө жана таасирге ээ мамлекет. Бул мамлекетте демократиялык принциптер мыйзам чегинде эл тарабынан берилген ыйгарым укуктардын негизинде мамлекеттик бийлик органдары тарабынан иш жүзүнө ашырылат.

Тагыраагы авторитеттүү мамлекет - бул укуктун негизинде мамлекетти экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү үчүн түзүлгөн укуктук, саясий жана философиялык теориялардын багыттары. Авторитеттүү мамлекетте алгачкылардан болуп укуктук аң – сезимдин жана укуктук маданияттын мааниси жогору турмакчы. Мындай мамлекеттеги бийликтин бутагы болуп эсептелген "эл" аң – сезимдин тереңдиги, маданиятынын жогору экендиги менен артыкчылыкта болмокчу. Анткени эл мамлекеттик бийлик органдарынын жогорку адамдарын шайлап, аларга өз укуктарын таңуулоодо. Ошол эле учурда элдин ишеничин актап укуктук негизинде мамлекеттик башкаруу түзүмүнүн түрлөрүн тандоо менен жогорку бийликтегилер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер коомдо өз саясатын алып барууда. Ошол саясат укуктук маданияттын алкагында эл менен, коомчулук менен баарлашуунун негизинде ишке ашса анда жогорку бийлик органдарына болгон элдин ишеними өсүп жогорку баага, абройго татыктуу болот. Бийлик органдарынын укуктук маданияттуулугу шайлоо процесстериндеги көрүнүштөрдө, алар боюнча кабыл алган чечимдеринде байкалмакчы.

Мамлекеттик органдардын шайлоо саясатын жана укуктарын ырааттуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга Конституциянын туруктуулугун, шайлоо мыйзамдарына эл аралык стандарттарды киргизүүнү, заманбап шайлоо технологияларын колдонуу менен адилеттүү жана атаандаштык шайлоо процессин уюштурууга карата жасалган иш – аракеттеринде баамдалат десек жаңылышпайбыз. Дал ушунун өзү авторитеттүү мамлекетти түзүү механизмдеринин бири. Мындай мамлекетте туруктуулук, экномикалык, социалдык өнүгүү, коомчулук арасындагы жана эл аралык деңгээлде баалоо, урматтоо менен абройлуу мамлекет катары белгиленет.

Бүгүнкү күндөгү Конституция жана шайлоо системасын жөнгө салган мыйзамдар эркин шайлоо принциптерин камтыган, шайлоо процессиндеги атаандаштыкка мүмкүнчүлүк түзө алган ченемдик укуктук актылар десек жаңылышпайбыз.

"Шайлоо деген эмне? Эркин, атаандаштык, таза шайлоо кандай болуш керек?" деген суроолорго токтоолуубуз абзел.

Шайлоо азыркы саясий коомдо мамлекеттик бийликти уюштуруунун жана иштешинин эң маанилүү институту. Алар профессионалдык ишмердүүлүк тармагында жана чөйрөсүндө жаңы көйгөйлөрдү түзмөкчү.

"Шайлоо – бул шайлоочулардын добуштары аркылуу мамлекеттик органдарды түзүү жол-жобосу".

Демократиялык, эркин, ачык жана атаандаштык шайлоо – бул коомдук, саясий жана укуктук институттардын узака созулган эволюциясынын жыйындысы. Ал эми эгемендүү мамлекетибиздеги отуз жылдан ашык убакыттын ичинде болуп өткөн шайлоолорго, реформаларга талдоо жүргүзүүнү төмөндөгүдөй төрт этапка бөлүүгө мүмкүн болду:

1-этап. Демократиялык институттарды түзүү мезгили (1991-2000). 1991-жылы КРнын көз карандысыздыгы жарыяланган. Ушул мезгилде демократиялык институттарды, анын ичинде шайлоо системасын түзүү башталган. Ошондой эле 1993-жылы кабыл алынган эгемендүү КРнын алгачкы Конституциясында шайлоо системасынын негизги принциптери, анын ичинде шайлоого болгон укуктар, эркиндик жана адилеттүүлүк принциптери бекемделген.

1991-жылы Советтик империя кулагандан кийин Кыргызстан цивилизациялуу дүйнөдөн өзүнүн татыктуу ордун ээлөө үчүн өз алдынча, көз карандысыз, экономикалык жактан өнүккөн абройлуу мамлекет болуп калуу үчүн тарыхый кайталангыс мүмкүнчүлүккө ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 12-сессиясында кабыл алынган [3]. Жаңы конституциянын варианты дээрлик 2 жыл аралыгында Конституциялык Кеңешме тарабынан даярдалып, бир нече жолу элдик талкуудан жана Жогорку Кеңештин талкуулоосунан өткөрүлгөн. Жаңы кабыл алынган конституциянын негизинде өлкөдө демократияны, демократиялык институттарды түзүү мезгили орун алган. Депутаттырды шайлоо, өлкө башчыны шайлоо сыяктуу демократиялык принциптер киргизилген.

1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 1995-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I-чакырылышына шайлоо өткөн. 1995-2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти Мыйзам чыгаруу жыйыны – 35 депутаттан турган жана Эл өкүлдөр жыйыны – 70 депутаттык орундан туруп бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча жалпы жонунан 105 депутат шайланган.

2-этап. Шайлоо системасындагы инновациялык технологияларды колдонуунун алгачкы этабы (2000-2010). Шайлоочулардын тизмелери пассивдүү каттоо системанын негизинде түзүлгөндүктөн шайлоочулар кирген тизмелердин сапаты жана тактыгы олуттуу тынчсызданууларды жараттып келген. Ошондуктан бул мезгилдер аралыгында өлкөдөгү жергиликтүү администрациялардын системдик администраторлору, ГАС Шайлоо системасына бир нече коомдук каттоо тизмелерден, анын ичинде жашаган жери боюнча каттоо тизмесинен алынган шайлоочулар жөнүндө маалыматты киргизген. Бул тизмелер жарандардын тийиштүү мекемелерде активдүү каттоодон өтүүсүнө негизделген.

Көргөзүлгөн этапта инновациялык технологиялардан тышкары Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы №158 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодекси ишке киргизилип, 69-беренесинин 2-пунктунда "ЖогоркуКеңештиндепутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдуу система менен беш жылга шайланат" деп берилип, ал эми ошол эле мыйзамдын 70-беренесинде "Жогорку Кеңештин 120 депутаты бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясий партиялар көрсөткөн депутаттыкка талапкерлердин тизмеси үчүн берилген добуштардын санына пропорциялуу санда шайланат, бирдиктүү шайлоо округу өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүлаймагын камтыйт" деп көргөзүлгөн. 2000-жылдан 2010-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы төмөндө белгиленген олутту өзгөрүүлөргө дуушар болгон:

- бул этапта Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу саясий партиялар жана шайлоо блоктору алынды Кыргызстандын парламентине өз талапкерлигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн;

- 2000-2005-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин II-чакырылышы өз ишин жүзөгө ашырган. Ал 105 депутаттан турган. Эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15-партиялык тизме боюнча бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган. Эл өкүлдөр жыйыны 45 депутаттан турган. Мында атаандаштык принциби өзгөчө маанини ээлеген;

- 2005-жылы бир палаталуу парламент түзүлө тургандыгы 2003-жылдагы конституциялык реформа менен белгиленип, сунуш кылынган Конституциянын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III-чакырылышы партиялык тизмелер боюнча шайлоону карап, бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланган, сандык курамы 90 депутаттан турган. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңешке шайланган саясий партиялар Өкмөттү түзүүгө укук алган;

- 2007-жылдын 16-декабрында болгон шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн тарыхында биринчи жолу партиялык тизмелер боюнча пропорционалдык ыкма менен шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV-чакырылышы өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган, жалпы жонунан 120 депутат иш алып барып, саясий пратиялардын ортосунда атаандаштык күч алган, бул мезгилде саясий партиялардын саны жүздөн ашкан.

3-этап. Шайлоо системасындагы орчундуу реформаны жүргүзүү этабы (2010-2020). Берилген этапта шайлоо системасында шайлоо процессин өркүндөтүүгө жана демократиялык институттарды чыңдоого багытталган бир катар жаңылыктар жана өзгөртүүлөр белгиленген.

Мына ушул мезгилдеги негизги өзгөрүүлөр:

- пропорционалдык шайлоо системасы;

- талапкерлердин тизмеси саясий партиялык тизме менен бекитилүүсү;

- ошондой эле шайлоонун ак ниеттүүлүгүнө жана ачык-айкындыгына, анын ичинде шайлоо процессине байкоо жүргүзүү механизмдерин жакшыртууга жаңыча чаралардын киргизилиши. Мисалы, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 2, 3-пунктчаларына ылайык, шайлоону таза жана ачык-айкын камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочунун кайталап добуш берүүсүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жыл 10-октябрындагы токтомунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо маркировка колдонуусун киргизүү каралган.

Берилген этапта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор жана шайлоо системасынын өзөчөлүктөрү эске алынды.

- 2010-жылы 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги шайлоолор өттү. Шайлоого чейинки шайлоолордун алдындагы кампания жүрүп жаткан мезгил динамикалуу болгондугу менен мүнөздөлөт жана катталган атаандаштык 16 партиянын ортосунда жүргүзүлөт. Шайлоо партиялык тизмелер боюнча пропорционалдык ыкма менен өтүп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V-чакырылышы шайланат;

- 2015-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын шайлоосу өткөрүлгөн. Болуп өткөн шайлоо өнөктүгүндө мыйзамда белгиленген тартипте биометриялык каттодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын тизмесине киргизилгендиги жана автоматтык эсептөө урналар аркылуу инновациялык жаңыланган техникалык ыкма менен өткөрүлгөндүн белгилемекчибиз. Бул этапта 2016-жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана Референдум, 2017-жылы Президенттик шайлоо, 2020-жылы КР ЖКнин депутаттарын шайлоо процесстери дагы инновациялык жаңыланган техникалык ыкма менен өткөрүлгөн.

4-этап. Кыргыз Республикасынын шайлоо системасынын азыркы мезгилдеги иштөө жана өнүгүү этабы (2020-азыркы мезгилге чейин).

2020-жылдын 4-октябрында парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий өзгөрүүлөр орун алып, шайлоо системасынын натыйжалуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн аны реформалоо зарылдыгы тууралуу талкуулар байма – бай айтылып турду. Реформанын максаты – шайлоо процессин жакшыртуу, шайлоо системасынын ачык-айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн жогорулатуу. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүү контекстинде изилдөөнү жана талдоону талап кылган актуалдуу темалар жетиштүү. Мисал катары төмөндөгү маалыматтар далил катары негизделет:

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мына бул мезгил кийинки этап катары шайлоону өнүктүрүүгө карата жасала турган кадам болду. Мындай иштердин жыйынтыгында өлкөдө бийликтин жана эгемендиктин ээси болгон "эл" жаңы башкаруу формасын тандоого мүмкүчүлүк алды. Тагыраагы 2021-жылдын 10-январында мамлекеттин башкаруу формасын тандоону референдумга коюп, элдин ээлегине салды. Анда шайлоочуларга президенттик башкарууну, парламенттик башкарууну каалайсыңарбы же экөөнө тең каршысызбы деген суроо берилген. Жыйынтыгында Президенттик система үчүн 84%дан ашык шайлоочу добуш берип өз каалоолорун билдиришкен.

Эл тандаган башкаруу формасынын негизинде 2021-жылдын 11-апрелинде учурдагы Конституция кабыл алында жана ал 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирди. Кабыл алынган Конституцияда шайлоо системасы боюнча бир катар жаңы ченемдер белгиленген. Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш шайлоо системасы менен жүргүзүлөрү жазылган. Мында можаритардык системаны колдонуу менен пропорционалдык система дагы четте калган жок. Себеби демократиялык институттардын катарында саясий партиялар өзгөчө орунду ээлейт. Азыркы мезгилде саясий партиялардын калыптануусуна, өнүгүүсүнө пропорционалдык системаны жакшыртуу жолу аркылуу жетише алабыз. Конституциядагы өзгөртүүлөр мамлекеттин мындан аркы беделин, баркын көтөрүүгө, абройлуу мамлекет катары таанууга багыт бермекчи.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн шайлоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII-чакырылышынын депутаттарынын саны жаңы кабыл алынган Конституциянын негизинде 90 депутатка кыскарган, анын ичинен 54 депутат пропорционалдык система аркылуу ачык тизме менен шайланып, ал эми 36 депутат бир мандатту шайлоо округунан мажоритардык система менен шайланышты. Бул мезгил төмөндөгү артыкчылыктар менен айырмаланып келүүдө:

- Преференциалдык шайлоо системасынын колдонулушу. Мындагы өзгөчөлүк талапкерлердин ортосундагы атаандаштыктын пайда болуусу. Мурдагы шайлоолордо атаандаштык саясий партиялардын ортосунда болуп келсе, мында бир гана саясий партиялардын эмес шайлоого катышып жаткан талапкерлердин ортосундагы атаандаштык күч алды. Жыйынтыгында шайлоочунун купулуна толгон талапкердин көп добуш алуусу байкалып, партиялык тизмедеги "биринчи орун" деген түшүнүк баалуулугун жоготту. Жаңы өзгөчөлүк шайлоо системасындагы бардык көйгөйлөрдү чечет деп айтууга болбойт, бирок ошол эле учурда жаңы ыкма менен партиянын ичиндеги коррупциялык схемаларды жокко чыгаруу жана парламентке акчалуулардын, уюшкан кылмыштуулуктун мүчөлөрүнүн келишине бөгөт коюлушун белгилемекчибиз. Башкача айтканда талапкердин тизмесине табигый люстрация жүргүзүү механизми киргизилди.

- административдик ресурс, мамлекеттик мекемелердин жетекечилери тарабынан кол алдындагы кызматкерлерине тигил же бул талапкерди шайлоосуна буйрук берүү жана мекеме алдындагы шайлоо участкаларына талап кою маселелерине тыюу салуу жана мындай иштерди жасатпоону көзөмөлгө алуу.

2021-жылдын 11-апрелинде болгон референдумда орто билим берүү окуу жайлардын, бала-бакчалардын, динге байланыштуу өкүлчүлүктүү мекемелердин ошондой эле башка коомчулук топтолгон жайларга, ал жакка жакын жайгашкан жайларда мыйзам ченеминде үгүт материалдарын таркатууга тыюу салынды, ошондой эле көчө башчыларын, үй комитеттердин төрагаларын (домком) үгүт ишине аралаштырууга жол берилбеди. Чектөө киргизилген эрежелер административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөө максатын көздөп конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилди. Мыйзамга киргизилген олуттуу өзгөрүүлөрдүн негизинде 2021-жылдын 28-ноябрындагы болуп өткөн парламенттик шайлоо атаандаштык менен өттү,бийлик бул ирет таза шайлоону камсыз кылууда саясий эркин көрсөттү, окуу жайлар, мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер шайлоонун жүрүшүндөгү үгүт иштерине катышкан жок.

Дагы бир белгилей кетүүчү маселе бул шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамдын 21-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр. Бул берененин 2-пункту боюнча талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот, эгерде ал Жогорку Кеңештин депутатын же Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматчы; жергиликтүү кеңештин депутатын кошпогондо, муниципалдык саясий кызматчы; мамлекеттик, муниципалдык ишкананын, мекеменин, мамлекеттин (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашык ишкананын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчиси болуп саналса. Ошондой эле 21-беренин 2-1-пункту боюнча талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат ордундагы же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат, эгерде ал мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы; муниципалдык кызматчы; жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери болуп саналс

2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров мамлекеттик кызматкерлерди шайлоо процессинен алыс болууга катуу талап койгондугу, анын негизиндебир да мектеп мугалими, муниципалдык кызматкерлер шайлоо иши менен алек болушкан жок, шайлоого кийлигишүү максаттарын көздөгөндөргө дароо чара көрүлүп, жумуштан четтетилип жатты. Мисал келтире турган болсок, шайлоо учурунда Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы – аким кызматтан убактылуу четтетилген, Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланган.

Бул да болсо бийликтин эркинин күчтүүлүгүн көрсөтүү менен мамлекттин кадыр – баркынын эл аралык деңгээлде таанылуусуна өбөлгө түзүүдө.

- шайлоо процессиндеги шайлоочулардын добушун сатып алуу фактыларын аныктап шайлоого катышкан талапкерлердин добушун жокко чыгаруу жана мыйзамсыз негизде шайланып мандатын алган депутаттардын мандатын жокко чыгаруу аракеттери. 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн шайлоодо Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын жыйынтыгы жокко чыгарылып кайра шайлоо өткөрүлгөн, мыйзам бузуулар аныкталган. Мисалы, Токмокто шайлоонун жыйынтыгы массалык каттого туруу болгондуктан жокко чыгарылган. Шайлоо алдында шаардагы жети участкада 624 «ашыкча» шайлоочу катталган. БШКга түшкөн арыздарга ылайык, алар депутаттыкка талапкерлерге, алардын тууган-уругуна жана партиянын үгүтчүлөрүнө таандык батирлерде каттоого турушкан. Айрым батирлерге ондогон жаңы тургундар катталган. Алардын үчтөн экиси шайлоого келип, өздөрү шаарда жашабаса да Токмоктун депутаттары үчүн добуш беришкен. Натыйжада Токмокто шайлоочулардын добуштарынын 34%ы жокко чыгарылган. Мыйзамга ылайык, эгерде калктуу аймакта добуштардын 30%дан көбү жараксыз деп табылса, анда шайлоонун жыйынтыгы шаар боюнча жокко чыгарылат. Ушундай эле көрүнүш Бишкек жана Ош шаарларында дагы белгиленип алардагы шайлоолор жокко чыгарылган.

Жогорудагы этаптарды белгилөө менен бүгүнкү күндөгү шайлоо системасындагы эркин, атаандаштык жана таза шайлоо принциптери авторитеттүү мамлекет үчүн кандай болуусу керек? Аларга төмөндөгүлөрдү белгилемекчибиз:

1. Шайлоо процессиндеги шайлоочулардын добушун сатып алуу учуру көйгөйлүү экендиги талашсыз. Бул шайлоодогу коррупциянын кыйла көп кездешкен латенттүү түрү. Эң аянычтуусу, өкүнүчтүүсү бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоодо шайлоочунун жеке катышуусу. Себеби шайлоочу өлкөнүн кызыкчылыгынан өзүнүн жеке кызыкчылыгын жогору коюп, шайлоодон аз да болсо пайда көрүп калуу аракети коомчулукта жайылды. Добуш сатып алууга бөгөт коюу катары жеке айыптоо иштеринин категориясынан жеке-коомдук айыптоо кылмыштарынын категориясына мыйзам аркылуу жол бербөө механизимдерин иштеп чыгуу керек. Кыргыз Республикасынын кылмыш – жаза кодексинде "Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" беренесинде шайлоочуга пара берген адам гана жооп берет деп каралып, ал эми добушун саткан шайлоочуну жоопкерчиликке тартуу каралган эмес.

Шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар үчүн КРнын Кылмыш-жаза кодексин “Шайлоочулар добуштарын сатуусу” 196-1-беренеси менен толуктоо керек. Ал төмөндөгүдөй тартипте берилмекчи:

196-1 – беренеси Шайлоочулар добуштарын сатуусу

"Шайлоо өткөрүү мезгилинде акчалай каражаттарды, материалдык баалуулуктарды алуу же болбосо кандайдыр-бир кызматты же башка байгерчиликти алуу жолу менен шайлоочу добушунсатуусу 100дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө (10 000ден 50 000 сомго чейин)

2. Мурунку колдонулуп келген "Форма-2" - жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арызынына альтернатива катары – онлайн шайлоо процессин толук ишке киргизүү.

"Форма-2" документин киргизгенде, негизгиси ички мигранттар менен сыртта жүргөн эмгек мигранттарынын добуш берүүсүнө ыңгайлаштырууга багытталган эле. Форма-2 арызынын колдонуудан алынып салынуусунун себеби 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо 471 миң жаран өз дарегин алмаштыруу аркылуу шайлоого катышкан жана 2020-жылдын 4-октябрындагы өткөрүлгөн шайлоонун ыплас өтүүсүнүн механизми боло алган.

Онлайн шайлоо процесси 2023-жылдын 9-апрелинде Баткен районундагы Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо пилоттук режимде апробацияланган.

2024-жылдын 28-апрелинде жергиликтүү кеңештин шайлоосунда "Түндүк" тиркемеси аркылуу электрондук паспортту колдонуп добуш берүү болуп өттү. Электрондук форматтагы паспорт, документ катары системага жүктөлүп, колдонууга киргизилгендигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо процессинде апробацияланды, башкача айтканда шайлоочулар участкалык шайлоо комиссиясында электрондук паспортту колдонуп идентификациядан өтүштү. Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын 1995-жылдан 2015-жылга чейин жана 2015-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки реформаны салыштырып талдасак, анда акыркы 14 жылдын ичинде шайлоо процессесине жаңы технология, санариптешүү тездик менен киргизилүүсүн аныктоого болот.

3. Бүгүнкү күндөгү шайлоону өткөрүүдөгү көйгөйлөрдүн дагы бири бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоолордун кайрадан өткөрүлүшү. Алсак, 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү, 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү. Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча үч жолу шайлоо өткөрүлдү. Алгач бул округдан шайланып келген депутат өзүнүн жүрүм – турумунун негизинде, нааразылыктардын арты менен мандатын тапшырган. 2023 – жылы кайра өткөн шайлоодо жеңген талапкерлерге добуш сатып алуу боюнча айып тагылып, соттун чечиминин негизинде шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан. Акыркы шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 13 208 800 (он үч миллион эки жүз сегиз миң сегиз жүз) сом суммасында бекилген. Белгилей кетүүчү маселе кайрадан өткөрүлүп жаткан шайлоо процессиндеги убакыттын, акча каражаттарынын жана адам ресурстарынын ашыкча колдонуусу өкүндүрбөй койбойт. Мындай кырдаалдарды жоюу максатында "КР президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө" КРнын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 7-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталмакчы:

“Мандаттарды бөлүштүрүүдө алгач шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп добушу берилген талапкер алат. Мандат мөөнөтүнөн мурда бошогон учурда, шайлоочулардын добуштарынын кыйла көп добушу берилген экинчи талапкерге берилет.

Кезектеги талапкерге мандат берүүдө тиешелүү бир мандаттуу шайлоо округунан шайлоого катышкан шайлоочунун 0,25 %дан кем эмес добушун алуусу шарт. Эгерде кезектеги талапкерлер тиешелүү пайыздуулук көрсөткүчүн алалбаса анда мыйзамда каралган мөөнөттө кайра шайлоо дайындалат.”.

4. Элдин, коомдун талаптарына туура келген мыйзамдарды чыгаруу милдетин алган Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары эсептелгендердин талаптарын күчөтүү маселеси абдан маанилүү. Ошол талапкер шайлоонунун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатына ээ болот. Ал эми Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруу бийлик органы болгондуктан тажрыйбалуу, билимдүү депутаттардын күчү менен гана башка мамлекеттик бийлик органдарына карата өзүнүн туруктуу позициясын билдирген, мыйзамдын алкагында иш алып барган, жогорку сапаттагы мыйзамдарды чыгарган барктуу, беделдүү бийлик органы болмокчу. Эгерде өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы канчалык бийик болсо, мамлекеттин аброю, баркы ошончолук жогорулайт. Бул учурда "КРнын Президентин жана КР ЖКнын депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 59-беренесинин, 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат:

"Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 3-жылдан кем эмес эмгек стажы бар, же болбосо жергиликтүү кеңеште бир чакырылыштан кем эмес депутаттык стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат".

Мындай көрүнүштөгү өзгөртүү КР ЖКнын депутатына талапкерлердин тизмесинин сапатынын жакшырышына, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын сапатын жакшыртууга жана коомдун мыйзам чыгаруу бийлигине болгон ишенимин бекемдөөгө алып келет. Бул өз кезегинде укуктук мамлекетти өнүктүрүүгө жана коомдо мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү камсыз кылууга жана авторитеттүү мамлекеттин багытын белгилөөгө шарт түзөт.

Макаланы жыйынтыктап жатып эркин, атаандаштыкта жана таза шайлоолор авторитетүү, ишенимдүү, абройлуу жана кадыр-барктуу мамлекетти түзүүнүн маанилүү куралы.

Шайлоо эркин, атаандаштык жана адилеттүүлүк принциптерин сактаган шартта өтсө, ал жарандардын бийликке болгон ишенимин бекемдейт, бийликтин легитимдүүлүгүн камсыздайт жана өлкөдөгү демократиянын деңгээлин жогорулатат.

Эркин шайлоо шайлоочуларга саясий процесстерге реалдуу таасир этүүгө жана мамлекеттик саясатты калыптандырууга катышууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, ар кандай саясий күчтөрдүн ортосундагы атаандаштык коомдун өнүгүшүнө дем берип, бийликтин аракеттерин көзөмөлдөөнү камсыздайт. Таза шайлоо мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон системаны ишенимдүү түзүүгө өбөлгө болмокчу.

КР Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдердин доктору Аманалиев Урмат Олжобекович.

Пикир

Оставить комментарий