• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Эркин күрөш боюнча курама команда Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүүдө.

Булан-Сөгөттү айылындагы окуу-машыгуу жыйын 6-марттан 4-апрелге чейин уланат.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий