• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Эркин күрөштөгү өжөрлүгү менен өзгөчөлөнгөн Эрназар Акматалиев

Спорт 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Жайкы Олимпиада оюндарына саналуу гана күндөр калды. Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер 5-августта башталат. Анын ичинен эркин күрөш боюнча беттештер 10-11-августта болот. Мында 65 кг салмак категориясында Эрназар Акматалиев килемге чыгат.

Олимпиаданын бүйүр кызыткан мелдештерине чейин 26 жаштагы балбан Эрназар Акматалиев тууралуу кыскача маалыматтарды топтодук.

Өмүр баяны: Эрназар Акматалиев 1998-жылы 2-июлда Нарын облусунун Нарын районунун Орто-Нура айылында туулган. Эркин күрөш боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери Нарындагы Т.Сатылганов атындагы мектепте билим алган. Андан соң Ш.Сыдыков атындагы республикалык спорттук колледжде окуган.

Спорттогу жетишкендиктери:

  • Кадеттер арасында Азия чемпионатынын коло медалынын ээси (2015);
  • Юниорлор арасында Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018);
  • Азиялык лицензиялык турнирде жеңишке жетип, Токио Олимпиадасына жолдомо уткан (2021);
  • Кыргызстандын чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2021);
  • Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2021);
  • 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси (2021);
  • Кыргызстандын чемпионатынын алтын медалынын ээси (2022);
  • V Ислам шериктештик оюндарынын алтын медалынын ээси (2021);
  • Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (2022);
  • Дүйнө кубогунун коло медалынын ээси (2022);
  • Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2022).

Мамлекеттик сыйлыктары: Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев КР Ардак грамотасы менен сыйланган (2021).

Пикир

Оставить комментарий