• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Эркинбек уулу Эмилбек Эсептөө палатасынын аудитору кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Эркинбек уулу Эмилбек Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордунан бошотулду. Аталган маселе кечээ Жогорку Кеӊештин жыйынында каралды.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев баяндама жасап, өз каалоосу менен жазган арызынын негизинде кызмат ордунан бошотулуп жаткандыгын белгиледи.

Жыйынтыгында Эркинбек уулу Эмилбекти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий