• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Эрлан Абдылдаев Тажикстандын маданият министри менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Күн мурун Душанбе шаарында Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын маданият министри Матлубахон Сатториён менен жолукту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга багытталган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук негиз болуп саналган Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий чөйрөдөгү болгон макулдашууларды андан ары жаңылоо же толуктоо менен талдоо зарылдыгын белгилешти.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстан Маданият министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий