• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынды.

Чемпионат Кытайдын Гоконг шаарында 20-апрелден 23-апрелге чейин өтүүдө.

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров мелдешке 90 кг салмак ченинде 1/8 финалдан тарта катышып, индиялык спортчуну жеңип алды. Ал эми чейрек финалда кыргызстандык дзюдочу ливандык Карамнобу Сагаиповго жеңилди.

Жубатуучу беттеште кыргыз спортчусу тажикстандык Комромсох Юстопирионду артта калтырды. Ал эми 3-орун үчүн болгон чечүүчү кармашта Эрлан Шеров учурда БАЭ курамасынын атынан чыгып жаткан россиялык спортчу Арам Григорянды жеңип, коло медалга ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий