• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Эрназар Акматалиев баштаган үч балбан күрөш боюнча Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу АКШдагы Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-декабрь күндөрү Коралвилл шаарында өткөн.

Спортчулар дүйнөнүн алдыңкы спортчуларынан турган курама команда менен чыгышты.

Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада Ирандык балбандар менен күч сынашып, 4:6 эсебинде жеңилишти. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 70 кг салмак категорияда, Арсалан Будажапов 97 кг салмакта жана Тайырбек Жумашбек уулу 65 кг салмакта күрөштү.

Пикир

Оставить комментарий