Эртең Ахунбаев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бишкекте Иса Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 14-июнда саат 10:00-20:00 аралыгында Ахунбаев – Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилиши жолду капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Белгилей кетсек, учурда Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Пикир

Оставить комментарий