• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тил күнүнө карата илимий-практикалык конференция өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Эртең Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил күнүнө карата илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдан билдиришти.

Маалымдалгандай, “Мамлекеттик тилде билим берүүнүн заманбап технологиялары” аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгенинин 80 жылдыгына жана “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулууда.

Иш-чарада филология, педагогика, тарых, табигый, социалдык-экономикалык жана техника илимдери боюнча талкуулар болот. Конференциянын ишинин жыйынтыгынан кийин тийиштүү материалдар “И.Арабаев атындагы КМУнун жарчысына” жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий