• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Эртең Баткенде салттуу музыка жумалыгы расмий ачылат

Аймак 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Эртең, 23-апрелде Баткен облусунда салттуу музыка жумалыгы расмий ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, эртең саат 10:00дө А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында иш-чаранын расмий ачылышы башталат.

Аны менен катар Бишкек шаарында “Коомдук руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференция онлайн форматта өз ишин баштайт.

Иш-чаранын программасы:

- 23-апрель күнү саат 11:00-17:00гө чейин “Айтуучулук күнү” (манасчылык, дастанчылык, акындык өнөрлөр багыты);

- 24-апрель күнү А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында:

Саат 10:00-13:00гө чейин “Аспапчылык” багыт (комуз, чоор, кыл кыяк, жетиген, үйлөмө жана какма (темир ооз комуз, жыгач ооз комуз);

Саат 14:00-17:30гө чейин “Аваздык-аспапчылык” багыт (ашыктык, роман ырлары, элдик жана автордук чыгармалар, ХХ жана ХХI кылымдагы обончулардын чыгармаларын аткаруу);

Саат 17:30-19:00гө чейин аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багытты өнүктүрүү боюнча тегерек стол.

- 25-апрель күнү А.Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында:

Саат 09:30-10:00гө чейин улуттук кийимдердин парады;

Саат 09:30-18:00гө чейин кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси;

Саат 10:30 “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалынын Гала- концерти өтөт.

Пикир

Оставить комментарий